• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

45 айылга 18 санариптик автоматтык телевизиондук ретранслятор орнотулду

Коом 0

Бишкек, 3-июнь /Кабар/. Бүгүнкү күндө «Радио байланыш жетпеген» аймактагы 45 айылга 18 санариптик автоматтык телевизиондук ретранслятор орнотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин аталган 45 айылдын санариптик берүүнү көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон. Белгилүү болгондой Кыргызстан боюнча 326 айыл радио байланыш жетпеген зоналарда жайгашкан. 326 айылдын жашоочуларын 2017-жылдын 30-июлуна чейин санариптик телеберүү менен камсыздоо пландалууда. Ага чейин аналогдук берүүлөр, көрсөтүлгөн айылдык пунктарда өчүрүлбөйт.

Санариптик автоматтык телевизиондук ретранслаторлорду орнотуу Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын планына ылайык жүргүзүлүүдө. План боюнча 211 санариптик автоматтык ретрансляторлор коюлду. Учурда 18 санариптик автоматтык ретрансляторлор: Чүй облусуна – 1, Ысык-Көл – 4, Нарын- 4, Ош– 7, Жалал-Абад– 1 жана Баткен облусуна – 1 орнотулду.

Аталган айылдарга 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретранслаторлорду орнотуу 227 айылды санариптик телеберүү менен камсыз кылат. Жашаган калкы 100 кожолуктан ашпаган калган 99 айыл жеке спутник кабыл алуучу антенналар аркылуу санариптик телерадиоберүүгө кошула алышат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 15-майынын баштап санариптик телерадиоберүүгө өтүү Программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасы санариптик телерадиоберүүгө өткөн.

Пикир

Оставить комментарий