• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

46 миң жаран биометрикалык паспорт алды

Коом 0

Бишкек, 14-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстанда 2-майдан 13-июнга чейин 46 миң жаран биометрикалык паспорт алган. Бул туурасында “Кабар” агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, паспорт алмаштырууга 85 миң жаран арыз жазган. “Паспортторду 2 жуманын аралыгында беребиз. Жаңы паспортторду берүү иштерине ылайык, бул тармакты тейлеген кызматкерлердин иши эки эсеге өстү. Паспорт алууда Бишкек шаарынын жана Чүй облсунун тургандары активдүүлүгүн көрсөтүүдө”,-деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматы.
Белгилей кетсек, жаңы идентификациялык картада электрондук чип орнотулуп, анда паспорт ээсинин персоналдык, биометрикалык белгилери жана электрондук кол тамгасы камтылат.

Жаңы ID-cardда коргоочу 22 элемент болот. Мындан улам аны жасап алуу өтө кыйын. Ошондой эле, санариптик кол тамга жарандарга үйдөн чыкпай эле мамлекеттик электрондук тейлөө кызматтарын пайдаланууга шарт түзөт.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын аягына чейин паспортторду алмаштыруу бекер жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий