• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

48 миң аткаминердин декларациясынын тактыгы текшерилүүдө – Коопсуздук кеңешинин катчысы

Коом 0

Бишкек, 12.09.18 /Кабар/. 2018-жылдын аягына чейин Салык кызматынын кызматкерлери декларацияга дал келбөөсү бар болгон кызмат адамдарынын фамилияларын жарыялайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 48 миң декларациясы текшерилип жатат.

“Алардын ичинен 83 декларация саясий жана административдик кызматтарды ээлеген адамдарга тиешелүү. Текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү аныктоодо, банк эсептерин аныктоодо чоң кыйынчылыктар жаралды”, - деди Сагынбаев.

Анын айтымында, бул бөлүктөгү жумуш жүргүзүлүп жатат.

“Бизде алдын ала маалыматтары бар болгон адамдардын санын жана так фамилияларын айта албайм. Себеби алар боюнча азыркыга чейин текшерүү иши уланып жатат. 1-октябрдан кийин салык кызматы маалымат жыйынын өткөрүп декларацияга дал келбөөсү бар болгон адамдар тууралуу маалымат берет. Бул фамилиялар айтылат, алар алдын ала бар, бирок алар боюнча дагы кошумча текшерүү жүргүзүлөт. 50дөн ашык киши”, - деп билдирди Коопсуздук кеңешинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий