• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

492 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен мамлекет башчысынын эки жарлыгы 492 адамды (анын ичинен 382си чоңдор, 110у балдар) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ошондой эле, президенттин бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча 141 адам (анын ичинен 115и чоңдор, 26сы балдар), жалпысынан кайрылгандар 633 адам (анын ичинен 497си чоңдор жана 136сы балдар).

Пикир

Оставить комментарий