• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

5-6–класстардын окуу китептериндеги каталарды басма үйү кетирген – авторлор

Коом 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. 5 жана 6 класстар үчүн табият таануу жана география боюнча китептердин жазуучулары китептерде табылган каталарга өздөрүнүн тиешеси жок экендигин билдиришти.

“Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов билдиргендей, которуу, басып чыгаруу жана текшерүү үчүн басма үйү жооп берет. Китептерди орус тилинен кыргыз тилине которууда, авторлор тарабынан текшерилген.

“Биздин текшерүүдөн кийин китептердин мазмунуна кийлигишүү болгон. Ошол себептен грамматикалык жана стилистикалык каталар пайда болду. Мисалга, термалдык булактар дегенди терминалдык булактар деп жазып коюшкан", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий