• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

5-9-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 5-6-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын кутүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 8-9-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

10-11-апрелде болсо Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий