• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

5-9-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.01.19. /Кабар/. 5-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кырызгидромет борборунан билдиришти.

5-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда жана 8-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-январда күндүз жана 7-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-январда күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал.

9-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-январда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий