• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

5-9-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 5-9-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 5-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

7-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-мартта Ош облусунун тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий