• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

5-апрелде кыргыздын маданий көөнө мурасын даңазалаган “күү күнү” өтөт

Маданият 0

Бишкек, 02.04.19. /Кабар/. 5-апрелде Кыргыз радиосунда кыргыздын маданий көөнө мурасын даңазалаган “күү күнү” өтөт. Аталган радиодон кабарлашкандай, эртең мененки саат 10:00дөн 17:00гө чейин комуз үнү обо толкундан жаңырып турмакчы.

“Программанын алкагында замандын залкарлары менен учурдун чыгаандары, комузчу, күүчүлөр бир студияда “Камбаркан”, “Ботой”, “Шыңгырама”, “Кербез” баш болгон өлбөс – өчпөс күүлөрдү чертишет. Улуулардан калган уюткулуу жолду улантып келе жаткан жаш комузчулар күү таймаш курушат. Элибиздин кубанычы менен кайгысы, сүйүнүчү менен муңу катылып келген комуздун авазы Ала – Тоону аралай чаап ар бир үйдө жаңырат. Күү күнүнө СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова, КР эмгек артисти Намазбек Уралиев, комузчулар Рахат Көчөрбаев, Жусуп Айсай, Нурзат Орозалиева, “Акак” жана “Сезим” комузчулар ансамбли, “Камбаркан”, “Ордо сахна” фольклордук - этнографиялык ансамблдеринин комузчулары, “Өмүр” тобу катышат”, - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Кыргыз радиосунун “Алтын казынасында” сакталган залкар комузчулардын күүлөрү дагы жаңырат.

Пикир

Оставить комментарий