• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

5-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Эртең, 5-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18, Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус болот.

Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16, Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градуска чейин жетет.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынжа түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19 градус.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9 градус, күндүз 16…18 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий