• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

5-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек. 05.08.22 /Кабар/. Бүгүн, 5-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМдин басма кызматы билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Талас облусунда +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл облусунда +21…+2°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +23…+28, тоолуу райондордо +7…+12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий