• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

№5 автобустук каттам өз ишин калыбына келтирди

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. №5 автобустук каттам өз ишин калыбына келтирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Линияда 5-автобустун жоктугуна байланыштуу шаардыктардын, айрыкча “Көлмө” жаңы конушунун тургундарынын көптөгөн даттануулары боюнча «Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясы менен кичирайон “Көк-Жар” – жаңы конуш “Көлмө” жаңы маршрутунун ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөргө жетишилди”,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы №5 автобустук маршрутту жапкан эмес. Бул маршрутту «Шыдыр Жол Кей Жи» жеке компаниясы тейлет. Алар машрутту пайдасы аздыгына байланыштуу уруксатсыз жаап ташташкан.

Пикир

Оставить комментарий