• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

5 чабан Жалал-Абаддагы ашуудан аша албай калган. Жерине куткаруучулар кетишти

Аймак 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддагы “Сары-Кыр” ашуусунан мал-жандыктары менен аша албай калган чабандардан кабар алуу үчүн чыгып кетишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 18-октябрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Алакан” жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 5 чабан мал-жандыктары менен “Сары-Кыр” ашуусун аша албай калган. Чабандар аман-эсен жана тамак-аш азыктары менен камсыздалгандыктарын билдиришип, аба ырайы турукташканда айылга кайтышарын айтышкан.

Бүгүн, 19-октябрь күнү саат 14:30да чабандардын абалдарын билүү үчүн КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде 3 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен чыгып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий