• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

5-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.11.19. /Кабар/. 1-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

2-декабрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болот.

3-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда күндүз жана 4-5-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий