• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

5-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 5-декабрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -3...+2 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында 0...+5 градус жылуу болсо, Нарын облусунда 0...-5 градуска чейин суук болору болжолдонду.

Бишкек шаарында абанын температурасы -1...+1, Ош шаарында 0...+2 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий