• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

5-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. 1-2-февралдарда жана 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат: ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

3-февралда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 4-февралда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 3-февралда күндүз жана 4-февралда тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий