• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

5-февралга карата өлкө аймагындагы аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. 5-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 5-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10, Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градуска жетет.

Эртең, 5-февралда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2 …-4 градус, күндүз 7…9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий