• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

5-июнга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 05.06.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30...+35, Талас облусунда +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл облусунда +20...+25, Нарын облусунда +18...+23, Бишкек менен Ошто +33...+35, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий