• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

5-каналды сатуу демилгеси сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште 5-телеканалдан парламенттик телеканал макамын алып салуу жана аны андан ары сатуу максатында демилгелен «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» КР мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт.

Эске салсак, «Бешинчи канал» 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен улутташтырылган. Ал эми 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Андан соӊ, жумушчу топ түзүлүп, ал мыйзамдын аткарылышы мүмкүн эмес деген жыйынтыка келген. Анткени, телеканалдын уюштуруу-укуктук формасы аныкталган эмес, телеканалдын менчик ээси аныкталган эмес.

Ушу тапта мыйзам маанисин жоготту. Өкмөт «Бешинчи каналга» пайызсыз насыяларды бөлүп жаткандыктан, бюджетке ашыкча чыгым алып келүүдө. Жогорку Кеңеш азыркы учурда өз ишин «Пирамида» телеканалы аркылуу чагылдырып жатат. Андан тышкары, КР Өкмөтү аталган телеканалды өнүктүрүү үчүн мезгил-мезгили менен пайызсыз бюджеттик насыяларды бөлүп берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий