• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

5-класста окуган кыздын каза болушу. Ведомстволор аралык комиссия корутунду чыгарды

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бишкектеги №87 мектептин жетекчилиги тарабынан эч-учун жоготкон 5-класстын окуучусуна алгачкы медициналык жардам жетиштүү деңгээлде көрсөтүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Свердлов районунун акиминин орун басары Асел Садыкова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек мэриясынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо департаментинин, билим берүү борборунун адистери, юристтерден турган ведомстволор аралык комиссия №87 мектептин жетекчилигинин аракеттери негиздүү деген жыйынтыкка келишкен.

“Мектептин медайымы жетиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөттү. Жетекчилик тез жардамды чакырган. Бирок бир кемчилик бар, мектептеги видео көзөмөлдөгү тасма өчүрүлгөнүн байкадык”, - дейт ал.

Бул боюнча комиссия тарабынан Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгына шалаакалык үчүн мектептин директорунун тартиптик жоопкерчилигин кароо боюнча сунуш берилген.

Мындан сырткары, мектептин тарбия иштери бөлүмүнүн башчысы, социалдык кызматкер жана класс жетекчисин окуучу кыздын социалдык паспортун каттоодо жана окуучунун маалыматтык базасын жаңыртып турбагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартуу сунушталды.

Эскерте кетсек, 11-мартта Бишкектеги №87 мектептин 5-класстын окуучусу сабак учурунда эс-учун жоготуп койгон. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жиберилген. Бирок кыз ооруканага жетпей көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий