• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

5-класстын окуучусун тебелетип кеткен айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. 5-класстын окуучусун кокустан тебелеп кеткен №18 автобустун айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты

Маалыматка ылайык, 3-октябрь күнү Сокулук райондук милиция кызматынын нөөмөт бөлүмүнө жашы жете элек бала катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Кырсык болгон жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барып, окуянын чоо-жайын аныкташкан. Анда автобустан акыркы түшүп жаткан 11 жаштагы М.Ж., аттуу баланын кийими эшикке кыпчылып калганынан бир нече метрге сүйрөлүп барган. Айдоочу баланы байкабай айдай берген, сүйрөлүп бара жаткан бала автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип калган.

Алган жаракатынан улам 11 жаштагы бала окуя болгон жерден мүрт кеткен.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси боюнча ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") каттоого алынган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Учурда бардык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Автобустун 34 жаштагы айдоочусу С.Н. Кылмыш процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Автоунаа айып кароого токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий