• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

5-майдагы Чоң-Алайдагы жер титирөөнүн кесепеттери

Аймак 0

Бишкек, 5-май /Кабар/. Ош облустук Чоң-Алай райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын изилдөө иштеринин негизинде, Жекенди айыл аймагында жалпысынан 903 турак-үй изилденип, анын ичинен алдын ала 92 үй 1-категорияга, 204 турак үй 2-категорияга, 285 турак үй 3-категорияга, 319 турак үй 4-категорияга, 3 үй 5-категорияга киргизилген. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүчтөр 3-май жана 5-май күнү болгон жер титирөөнүн кесепетинен болгон.

Тактоо иштери улантылып жатат.

Жалпысынан, КР ӨКМ тарабынан 300 даана чатырдан: Шибэ айылына 21 даана, Жекенди айылына 33, Чулук айылына 63, Кара-Тейит айылына 90 жана Карамык айылына 63 даана чатырлар жеткирилип, тигилүүдө. Жер титирөөдөн жабыркаган турак үйлөрдү изилдөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий