• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

5-майдан тарта "Бишкек -Ташкент" жана “Ташкент-Бишкек” каттамы жүргүнчүлөрдү ташып баштайт

Коом 0

Бишкек, 04.05.18 /Кабар/. Кыргыз автобекети Мамлекеттик ишканасы 2018-жылдын 5-майынан баштап эл аралык «Бишкек-Ташкент» каттамы боюнча жүргүнчүлѳрдү жѳнѳтүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билет чоң адамдар үчүн баасы 1000 сомдон, 5-12 жашка чейинки балдарга 500 сом. 5 жашка чейинки балдарга акысыз (орун ээлебесе). Багаждын бир орундугу 200 сом. Билеттер «Кыргыз автобекети» (Западный автовокзал) ишканасынын кассаларында сатылат.

Автобустук каттамды Кыргызстандык «Транс Союз Азия » ачык акционердик коому тейлейт. Ал эми Өзбекстан тараптан OOO MIRONSHOX GRAND TRANS автотранспорт ишканалары тейлейт.

"Бишкек -Ташкент жана Ташкент-Бишкек каттамдары күн сайын саат 22.00 жөнөп турат.

Ташкент маршруту боюнча темир жол, аба каттам жана авто каттамдар жөнүндө келишим эки ѳлкѳнүн үзгүлтүксүз байланыш ачуу тууралуу 2017-жылдын 13-14-декабрындагы эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусунун алкагында түзүлгөн келишимдерди өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлдү.

Маалымат ирээтинде айта кетсек, март айында №455/456 «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттап баштады.

Анын расписаниеси төмөндөгүчө: Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Рыбачьеден кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Тактап айтканда, 2018-жылдын 22-мартында бейшемби күнү Ташкент шаарынан чыгып, 23-мартта жума күнү Рыбачьеге келди. Ал эми 24-март ишемби күнү Рыбачьеден кайра жөнөп, 25-март жекшемби күнү Ташкент шаарына жөнөп кетти. Курамында 7 купе вагону, 3 плацкарт вагону жана вагон рестораны бар.

Учурда жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамына билеттер сатыла баштады. Билет баалары: Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 2500 сомдон, купе вагонуна 3378 сомдон жана люкс вагонуна 6432 сомдон.

Эске салсак, алгачкы каттамды Кыргызстан тарап борборубуздагы “Бишкек II” темир жол бекетинде расмий салтанат менен тосуп алды. Алгачкы каттам менен Өзбекстан республикасынан 77 адам расмий делегация менен келди. Алар Балыкчы шаарында болушуп, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл менен таанышып кайтышты.

Пикир

Оставить комментарий