• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

5-майга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында жакынкы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 1-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин болот.

2-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жана 3-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы,Чүй, Талас, Ош облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метргежетиши күтүлөт.

Ал эми 4-майда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда 4-майда түнкүсүн жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

6-7-май күндөрү болсо жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий