• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

5-мартка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Эртең, 5-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт, туман түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8, Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус болот. Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -1...+4 градус.

Ал эми Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11 градуска чейин жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий