• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

5 миң долларга чейин алып турушкан. УКМК сөөк коюудагы коррупциялык фактыны аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан системалык коррупциялык иштерге бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы» мамлекеттик ишканасындагы («БМАУ» МИ) туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, «БМАУ» ишканасынын жеке кызматкерлери маркумду көмүү иш-чараларында аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1 миңден 5 миң АКШ долларына чейин акча каражаттарын сый акы катары алып жүрүшкөн.

2021-жылдын 18-майында УКМК сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен «БМАУ» МИ кызматкери кармалды.

Кармалган «А.А.» УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын УКМК «БМАУ» МИ мындан ары мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, бекер жер тилкелеринин жоктугунан, 2021-жылдын 1-январынан тартып Түштүк-Батыш көрүстөнү жабылган.

Пикир

Оставить комментарий