• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

5 миң экспресс-тест сатып алынды – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Коронавирусту тез аныктоочу 5 миң экспресс-тест сатып алынды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, алардын кайрылуусу менен КР Тышкы тышкы иштер министрлиги коронавирусту тез аныктап чыгуу үчүн Кытайдан 5 миң экспресс-тест сатып алуу маселесин иштеп чыккан. Экспресс-тесттер Каржы министрлигинде ачылган коронавирустун келишин жана жайылышын алдын алуу боюнча атайын эсепке түшкөн каражатка алынган.

"Бул тесттер коронавирустун бар же жоктугун 20 мүнөттө аныктай алат. Анын жыйынтыгы оору бар экенин көрсөтсө сөзсүз түрдө кошумча тактоочу анализ жүргүзүлөт", - деп билдиришти министрликтен.

Ал тесттер эртеңден тарта колдонула баштайт.

Пикир

Оставить комментарий