• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

5 млн сом: Кыргызстанда алдамчылык кылган жаран Москвадан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. КР ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен Кыргызстанда адамдарды ири суммага алдап кеткендиги үчүн изделген айым Москва шаарынан кармалды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ири суммадагы алдамчылык үчүн 1976-ж.т. Д.А., аттуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну изделип келген.

“Айым 2012-жылдан 2014-жылга чейин жарандардын ишенимине кирип, бизнес ачуу тууралуу убада берип, алардын акчасын, унаасын алып качып кетип жүргөн. Бир эле жаранга келтирилген чыгым 5 млн. 150 миң сомдү түзгөн. Бул каражаттар бүгүнкү күнгө чейин кайтарылган эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаранды Кыргызстанга алып келип, жоопкерчиликке тартуу маселеси каралууда.

Пикир

Оставить комментарий