• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

5-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Эртең, 5-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 1…6, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6, Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10 градус жетет. Баткен облусунда болсо түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең жамгыр карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус, күндүз 3…5 градус жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий