• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

5-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 1-октябрдан 5-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

1-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

1-октябрда түнкүсүн бир аз жаан жаашы күтүлөт.

1-октябрда күндүз, 2-октябрда жана 3-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-октябрда күндүз бир аз жаан жаашы күтүлөт.

4-5-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

1-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-5-октябрларда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

1-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда күндүз жана 3-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз жаан жаашы күтүлөт.

5-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда күндүз, 3-октябрда жана 4-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-октябрда күндүз жана 5-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий