• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

5-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Эртең, 5-октябрда күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 5-7-октябрларында Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15 градус жылуу болот.

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15, Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20 градус жылуу болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 10…12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий