• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

5-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Эртең, 5-октябрда Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми Баткен облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24, Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20, Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25 градус жылуу болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 21...23 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий