• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

5-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Эртең, 5-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27, Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Эртең Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11 градус, күндүз 25…27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий