• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

5-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Өлкө аймагында эртең, 5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,

Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 22...27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 21...27,

Эртең, 5-сентябрда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 24…26 градуска чейин ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий