• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

5 жыл аралыгында Кыргызстанда мектеп окуучуларынын саны 16% жогорулаган – Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. 5 жыл аралыгында Кыргызстанда мектеп окуучуларынын саны 16% жогорулаган,-деп билдиришти Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кыргызстандын мектептеринде 1 млн 175,8 миң бала билим алат.

Шаардагы мектеп окуучуларынын санынын көбөйүшү 25%, айылдарда 12% түзөт.

Өлкө боюнча жалпы мектептердин саны – 2236 билим берүү мекемеси.

Ар бир балага билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында 2012-2017-жылдар аралыгында өлкө боюнча 323 мектеп курулган.

Ведомстводон кабарлашкандай, ар кандай сабактарды тереңдетип окуткан мектептердин санынын жогорулашы байкалган – 328ден 2012-2013 окуу жылынан бүгүнкү күнгө чейин 409ду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий