• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

50 кг баңгизаты жана $250 миң. УКМК эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт койду

Укук тартиби 0


Бишкек. 09.06.21. /Кабар/. Эл аралык баңгизаттар тобунун ишине бөгөт коюлуп, 50 килограммдан ашык баңгизат жана 250 миң АКШ доллар акча каражаты табылып алынды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча пландалган иш-чаранын жүрүшүндө "Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан" маршруту боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган туруктуу уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Такталгандай, аталган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун уюштуруучусу Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты "О.М.Б.", баңгизаттарды сатуу үчүн Тажикстандан Өзбекстандын аймагына Кыргызстан аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 7-июнунда Баткен областынын Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө, Өзбекстандын аймагына өткөрүү максатында баңгизаттардын башка партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен «О.М.Б.» кармалды. Кармалган «О.М.Б.» жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү ишинде 9 кг ашык чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 курал (уруксаты жок), 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча каражаттары табылып алынды.

КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси боюнча КР жарандары «О.М.Б.», «О.К.М.» жана «О.К.А.» кармалып, Баткен шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен аталган баңги каналынын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий