• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

50 кыргызстандык IT-адистикке окуу жана жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алды

Коом 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. «Программист Айымдар II» долбоору аяктап, анын алкагында 50 кыз-келин программалоону үйрөнүү үчүн грант алышты. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорду Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана сервистер ассоциациясы (КАРПОУ) Unique Technologies менен биргеликте Европа биримдигинин каржылык колдоосунда ишке ашырган.

Долбоордун максаты – жаш аялдарды IT чөйрөсүнө тартуу үчүн жана санариптик стартаптарды баштоого көмөк көрсөтүү үчүн санариптик тажрыйбаны өстүрүү болуп саналат. Долбоордун алкагында 16-33 жаштагы 50 кыз-келиндер тандалып алынган.

Тандоо учурунда айылдардан келгендерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга артыкчылык берилген. Финалга чыккандар жаңы билим жана тажрыйбага гана ээ болбостон, ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы IT-компанияларында стажировкадан өтүп, жумуш таба алышты.

«Программист Айымдар II» долбоору 2021-жылдын октябрында башталган. Бул убакыттын ичинде катышуучулар программалоонун Frontend жана Android сыяктуу багыттарын үйрөнүп, оратордук өнөр, социалдык ишкердик, SMM негиздери, лидерликти өнүктүрүү, коммуникация жана командада иштөө боюнча тренингдерге катышышкан, ошондой эле англис тил курстарына жана IT тармагындагы алдыңкы адистердин программалоо боюнча тренингдерине барышкан.

Катышуучулардын көбү мурда башка кесипти окушкан, бирок башка тармакка өткүсү келишкен. Мисалы, Нурзада Асанбаева долбоорго чейин архитектура жана курулушта иштеп, бирок бул каалаган тармак эмес экенин түшүнгөн.

«Мен муну түшүнгөндөн кийин өзүмдү ар кандай багытта сынай баштадым. Пандемия учурунда алыстан иштөөгө мүмкүндүк берген бир нерсе кылышым керек экенин түшүндүм. Ар кандай багыттарды изилдеп, бирок келечеги эң кең – бул IT тармагы экенин тез эле байкадым. «Программалоонун негиздери» долбооруна катышып, андан кийин «Программист Айымдар» долбооруна тандоо жүрүп жатканын көрүп, катышууну чечтим», – дейт Нурзада.

Ал, башка көптөгөн катышуучулар сыяктуу эле, долбоор аяктагандан кийин IT багытында өнүгүүнү улантмакчы.

«Долбоор региондордон келген жаш кыз-келиндерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарга бүгүнкү күндө келечектүү жана акы төлөнүүчү кесипти өздөштүрүүгө жардам берет. Долбоордун маанилүү бөлүгү – бул биздин мүчөлөрүбүз финансылык жактан көз карандысыздыкка жетиши. Ошондой эле, аймактардан келген аялдарды эмгекке тартуу өлкөнүн экономикасын жана жалпы эле социалдык-экономикалык абалды чыңдоого оң таасирин тийгизет”, – дейт долбоордун жетекчиси Ширин Муканбетова.

Пикир

Оставить комментарий