• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында 500 баланын катышуусунда мэрдин балаты майрамы өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-декабрда Ош шаарынын мэринин "Алтын балаты - 2022" аттуу жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесиз балдар, жакшы окуган окуучулар болуп жалпы 500 бала катышты.

Бул жылдагы мэрдин балатысы өзгөчөлүктөр менен коштолду. Иш-чара Ош улуттук драма театрында өтүп, имараттын коридоруна жомок каармандарынын 3D форматындагы сүрөттөрү коюлган. Майрамдык концертте балдар сүйгөн жомоктордон сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, атайын даярдалган ыр-бийлер менен коштолду.

Мэр Алмаз Мамбетов балдарды жаңы жылы менен куттуктады. Шаар башчы балдардын окууларына ийгилик каалап, ата-энесин сыйлаган, мекенин сүйгөн инсан болгула деген тилегин айтты.

Иш-чаранын алкагында балдарга жаңы жылдык белектер берилди.

Пикир

Оставить комментарий