• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

500 миң сом. «Кыргыз жылуулук энерго» МИ тендердик комиссиясынын мүчөсү пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан отун-энергетикалык тармагында коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу багытындагы иш аракеттердин жүрүшүндө «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнүн бирине көмүр сатып алууда 500 миң сом пара талап кылган фактысы боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү «У.Р.» кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «У.Р.» жогорудагы акча каражатын 2020-2021-жылдардагы күзгү-кышкы сезонуна даярдык көрүүнүн алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алууда «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ишкердик субьектиден талап кылган.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси («опузалап талап кылуу») боюнча катталды.

Учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий