• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

500 миң сом талап кылышкан. Жалал-Абадда куралчан каракчылар колго түштү – сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда куралчан каракчылар колго түштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында болжол менен саат 8:30да "Амантур", "Бойка", "Нупу", жана "Боко" каймана аттуу жарандар башка адамдар менен чогуу Кербен шаарынын борборунда жайгашкан "Талант" автосервисине кирип барышкан. Алар Т.К. аттуу жаранга тапанча такап, 500 миң сом талап кылышкан.

"Каракчылар Т.К аттуу жаранга "сен уурдалган автоунааларды сатат экенсиң" деп опузалашкан. Аны Кербен шаарынын четине алып чыгышып, акча бербесең өлтүрөбүз деп коркутушкан", - деп билдиришти милициядан.

Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон төрт адам кармалган. Алар: Өзгөн районунун 1994-жылы туулган А.А. (Бойка) аттуу тургуну, Аксы районунун 1995-жылы туулган С.Н (Нупу) жана 1999-жылы туулган С.А. (Амантур) аттуу жашоочулары жана 1997-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын А.К (Боко) аттуу тургуну.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий