• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жайыл районунда пенсионердин 500 миң сомун уурдап кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Жайыл районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-июнда арыз менен 65 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылган. Арызында ал белгисиз бирөөлөр 500 миң сомун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт Жайыл РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулукка шектелип 1970-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий