• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

$5000: Финполдун майору пара алып жаткан жеринен колго түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финполиция) бөлүм башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-июнда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Финполдун Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте Бишкекте 70 миң сом пара алып жаткан жеринен финансы полициясынын майору “А.Ж.”, кармашкан.

“Пара менен кармалган “А.Ж.” КРнын “А.Д.”, аттуу жаранын кылмыш жобосуна тартам деп коркутуп, 5000 (беш миң) АКШ долларын талап кылган”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий