• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

52 кишинин өлүмүнө алып келген автобус кырсыгы боюнча сот иши башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар. Актөбө шаарында сот Өзбекстандын 52 жараны мерт болгон автобус кырсыгы боюнча кылмыш ишин карай баштады. Соттук угууларга Өзбекстандан курман болгон мигранттардын туугандары келишти.

Сот жараяны казак тилинде өтүүдө. Жабырлануучу тарапка өзбек тилин билген котормочу чакыртылды.

Сотко Казакстандын түштүгүнөн айыпталуучулардын туугандары да келишти. Автобус айдоочусу Максат Пернебековдун эжеси Нуршат Пернебекова автобустан чыккан өрттү өз көздөрү менен көргөн, кырсыкта аман калган эки өзбекстандык жүргүнчүнүн сотко келбегени үчүн нааразылыгын билдирди.

Бул иш боюнча беш киши айыпталууда. Алар авобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги. Автобус айдоочулары Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатов 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Компаниянын жетекчиси менен механиги белгилүү бир аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине болсо эл аралык издөө жарыяланган.

Компаниянын негиздөөчүсү бузук транспорт каражатын пайдаланууга жол берген жана жалган документ жасаган деп айыпталууда. Мехиник бузук автобусту каттамга чыгарууга күнөөлөнүп жатат.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун каңдагыч лампа менен жылытуу учурунда чыккан.

Пикир

Оставить комментарий