• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

53 өлкөнүн спортчулары III ДКОго катышууга билдирме беришти

ДКО 2018 0

Бишкек, 09.08.18 /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 өлкөдөн 1 миң 946 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Спортчулардын билдирүүсү автоматташтырылган электрондук аккредитация системасы аркылуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дарегине келип түштү.

Спорттук делегациялардын аккредитация системасынан өтүү 2018-жылдын 31-июлунда аяктады. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга билдирме берген көп спортчулардын саны Кыргызстанга таандык. Өлкөнүн спорттук курамы 458 кишиден турат. Спорттук курам боюнча 2-орунда Орусия Федерацияциясы - 235 адам, Казакстан – 195, Өзбекстан – 108, Пакистан – 91, Иран – 92, Түркмөнстан – 65, Индия – 64, Афганистан – 62, АКШ – 58, Тажикстан – 55, Украина – 46, Кытай – 37, Шри-Ланка – 34, Монголия – 21, Франция – 19, Польша – 23. 17 спортчулардан Беларусь жана Болгария. Калган өлкөлөрдүн спортчуларынын саны 16 га чейин.

Спортчулар спорттун 37 түрү баюнча таймашат. Жалпысынан 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло) ойнотулат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байге фонду 26 млн сомдон ашуун. Оюндар 2018-жылдын 2 – 8 сентябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий