• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги №54 мектептин директоруна сөгүш жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. №54 мектептин директоруна сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, №54 мектептин фондуна акча чогултуу фактысы боюнча ата-энелер массалык маалымат каражаттарына кайрылган.

"Мэриянын билим берүү башкармалыгынын адистери териштирүүнү баштаган. "Директордун тамак-ашына жана башка чыгымдарга" деп каражат чогултууну айткан мугалим жумуштан алынды, мектеп директоруна сөгүш жарыяланды", - деп билдирет мэрия.

Мэрия №54 мектептин директорун кызматтан алуу маселеси караларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий