• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

550 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 550 адам (анын ичинен 461 — чоң адамдар жана 89 — балдар) кабыл алынды, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Жарандарды кабыл алуу боюнча Жарлык.

Пикир

Оставить комментарий