• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

56 айыл өзгөчө статус берүүнү өтүнүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊеште чек аймактарында жайгашкан айылдардын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, буга чейин өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеги бекитилген, бирок кийинчерээк келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, аларды ал тизмекке кошуу үчүн кошумча критерийлерди иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болууда.

Депутат Зиядин Жамалдинов көп айылдар мурдатан эле ушундай маселе көтөрүп келатканын эске салып, алардын өтүнүчү ушул кезге чейин каралбай келатканына кызыкты.

“Ал үчүн айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү маселесин чечүү керек. Өзгөчө статус берүү үчүн негизинен 3 критерий белгиленди: айылдын социалдык-экономикалык жактан начардыгы; айылдын жайгашкан шартынын катаалдыгы; улуттук коопсуздук жаатындагы абалы”, - дейт агенттиктин жетекчиси.

Депутат Рыскелди Момбеков бул мыйзам долбоору турмуш зарылдыгынан улам жаралганын белгилеп, Казакстан менен чектеш Маймак айылына да ушундай статус берүү керектигин айтты. “Маймактын абалы оор, анын тургундарынын көбү аргасыздан казак жарандыгын алууда. Мен статус берүү критерийлери менен таанышып чыктым, ал айыл анын баарына төп келет. Ушул маселеге көӊүл буруу керек”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 2011-жылы түзүлгөн тизмекке 59 айыл, 10 тилке киргизилип, алардын өнүгүүсүнө республикалык бюджеттен 1 млрд сом, жергиликтүү бюджеттен 350 млн сом өлчөмүндө каражат берилген. Ушу тапта дагы 56 айыл ошол тизмеге кирүү жөнүндө өтүнүчүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий