• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

56 жаштагы Чүй облусунун тургунунан 8 кг баңги заты табылган

Укук тартиби 0

БИШКЕК, 10.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Милиция кызматкерлери Аламүдүн районунун 56 жаштагы тургунунун үйүн тинтүү учурунда 8 кг марихуанна табышкан. Бул тууралуу Чүй облусунун ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тинтүү иштери 8-августта жүргүзүлгөн. Анда Л.Э аттуу жарандын үйүндөгү чарбагында кара куурайдын 80 бутагы табылган. Мындан тышкары 8 кг баңги зат табылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий