• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

6-10-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 06.12.17. /Кабар/. ӨКМнин басма сөз кызматы жакынкы күндөрдө республика аймагында күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн, 6-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

7-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

8-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.

9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-12-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий