• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2017-жылы 6,5 миң фермер насыя алды

Коом 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. 2017-жылы атамекендик 6,5 миң фермерге насыя берилди. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин жыйынында өкмөттүн парламенттеги толук ыйгарымдуу өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.

А.Темирбаевдин билдиргендей, фермеллерге 2,5 млрд. сом өлчөмүндө насыя берилген.

“Бүгүнкү күндө “Айыл чарбасын каржылоо-5” программасынын алкагында фермерлерге 2 млрд 510 млн. сомго барабар 6,5 миң насыя берилди. Анын 460 млн сому өсүмдүк өстүрүүгө, 1 млрд 860 млн мал чарбасына берилсе, ал эми кайра иштетүү тармагына 250 млн сом берилди”,-дейт Темирбаев.

Пикир

Оставить комментарий